коңгуроолуу
- Коңгуроосу бар, коңгуроо тагылган.
- Коңгуроодой, коңгуроонун үнүндөй ачык, уккулуктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элимден азып келгели, / Залалым сага тийбеди, / Алты жүз эле жылкыңыз, / Азыр алты миң болду, / Айтылып элге дүң болду: / Коңгуроолуу кара нар, / Бири миңге барабар, / Жалаң төөң миң болду, / Жалпыга дайын дүң болду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мурунтугу алтындан, / Буйласы жибек чалынган, / Ар бир нарга аземдеп, / Түрдүү килем жабылган, / Коңгуроолуу нар келди, / Колбуган куржун зар келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →