коё

китептерде 169 жолу, 4 китепте
  1. Бүркүттүн, алгыр куштардын бөтөгөсүн жана тайгандын ичин тазалоо үчүн берилүүчү жеми менен кошо сугунтуп жедирип жиберүүчү тоголоктолгон кийиз, пахта же кыл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жагалым алтындан көмүркөй жасатып, карындашын ошого салып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Эми дагы бир жардамыңды тийгизип, мени кое бер, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
"Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт", – деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →