кошуна

китептерде 18 жолу, 8 китепте
  1. Бири-бирине жакын, улагалаш жашаган адамдар, коңшу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күндү түнгө улады, / Бир аскер түшпөй кошуна, / Күтүп турду буларды, / Бир мезгилдер болгондо, / Чынаача минтип суранды: / — Ай караңгы, жарык жок, / Курсак ачты, дарман жок, / Түндө урушту койолу, / Эртең менен майданда, / Ушул жерде бололу, - / Айкөл макул көрүптүр, / Чынаача айтса көнүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сарыбайдын кебине, / Шер Сейитек көнгөнү, / Айрылып экөө жөнөдү, / Кошуна барбай Кутургур, / Сары артуунун белеске, / Аса байлап Тоосурду, / Колуна салып кишенди, / Бутуна салып чидерди, / Шыпырып алып токумун, / Тердигин салып жамба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тору айгыр менен алкылдап, / Тоодой болгон Нескара, / Алп Коңурбай кошуна, / Жетип келди жакындап: / — Ээ, Коңурбай, не болдуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Биз тышка чыкканда кошунабыз Байболот, ары жактан басып келди да, сол колу менен көзүнүн шоросун сүртүп жатып: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Илгери-илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →