коштош
- Бири-бири менен кош айтышуу, кош айтышып бөлүнүү.
- Биротоло токтотуу, экинчи кайрылбас, жанбас болуу, дагы кайталабоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ача түйүп куйругун, / Көккө шүйүп көкүлүн, / Күлүктөрүн коштошуп, / Калыстын салып алдына, / Айдатып атты топтотуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атыңды уктум, тапан хан, / Сен элиме барбадың, / Аламды айдап албадың, / Куламды кууй качпадың, / Куржунум оозун ачпадың, / Өзүң менен коштошуп, / Кайыр дешип кайтамын, / Катышса кимдер тим жүрбөй, / Канын суудай чайкаймын, / Мындан башка кебим жок, / Ушул менин айтаарым, / Аман болгун, Тапан хан, / Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Коштошуп булар бөлүндү, / Кучакташып кол тартып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
айдап жапырып, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн дөөнү баш кылып, / Кийим кийбес, аш ичпес, / Жоо сайышып ат минбес, / Келбес жайга тапшырып, / Суу пери менен коштошуп, / Зымырык менен достошуп, / Кызыл чапан жайдак төш, / Кызыл мистен там салган, / Кылымда өжөр бул элден, / Гүлкакыдай кушту алып, / Чыңыртып туруп Чыңгышты, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бала коштошуп, жайыл супараны көтөрүп алып, энесине келип, "Жайыл супара, жайыл!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →