коштоо1
- Коштолгон, өзү менен кошо ала жүргөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жердин бети аппак кар, / Ламага заман болду тар, / Дыркыратып Бекбача, / Ламаны алып коштоого, / Кылчайып карап ошондо: / — Алың кандай күч кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кабаттап тогуз тон койду, / Коштоого тогуз ат койду, / Аты-тонун баарысын, / Албай Жакып койгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таштап кеткен бир атты, / Минилбеген кур атты, / Коштоого алып жетелеп, / Кутубайга мөөсүл деп, / Күүгүм кире келиптир, / Апа-шапа төрт баатыр, / Кутубайга Кур атты, / Сойуп кирип бериптир, / Алике менен Сатике, / Ада…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошенткенде келин табышын чыгарбай калды да солдаттын коштоосуна эрип жүрүп берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →