кошто

китептерде 25 жолу, 7 китепте
  1. Бирөөнү экинчисинин жанына кошуу, жанаштыруу, кош кылуу, кошоктоо.
  2. Кошо ээрчите басуу, өзү менен кошо алып жөнөө, ээрчитүү.
  3. өт. Бирөөнүн айткан пикирин, сөзүн колдоого алып кубаттоо, сүрөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манжулардын чоң Бодоң, / Жабыкени мингизип, / Коштоп алып чуу койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Калдуубеттин Отору, / Кек алам деп кыргыздан, / Калың элди козгоду, / Инилериң ал күнү, / Эң алдында коштоду, / Баатырлык атка конгондо, / Битине батпай кош болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коштоп алып тулпарын: / “Калмакка барып нетем, — деп, / Кадиксиз жаткан тынч элге, / Салбайын калба бекер, — деп, / Дагы чыкса жаталбай, / Кек алам деп кекерлеп, / Өч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ин каш болгон маалда, / Тура калып Ажыбай, / Аркандан атты алдырып, / Адырмак жерге чалдырып, / Кермеден атын алдырып, / Керүүлөй жерге чалдырып, / Бир жигитке коштотуп, / Жетелешип откозуп, / Агытып койсо Суусамыр, / Кетеби деп шарт койуп, / Бети-колун жуунуп, / Пери уулундай Ажыбай, / Белин бекем буунуп, / Жалаң кылыч байлан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акшумкардын артынан, / Айчүрөк сенин дартыңдан, / Азык алган алты бээ, / Кош жүктөгөн төрт жорго, / Коштогонум он төрт ат, / Аттанып чыктык үч бекзат, / Арчатору бууданга, / Айактап кебез байланып, / Он төрт күлүк айдатып, / Бүгүндөн калбай барам деп, / Айчүрөк сени таб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →