кошомат

китептерде 10 жолу, 7 китепте
  1. Бирөөгө жагынуунун, жакшы көрүнүүнүн аракети, ошондой максатты көздөгөн мамиле.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эртеден кечке дардактап, / Кошомат кылып бирөөгө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Таң агарып, күн чыгып, / Буйрук берип Тобуке, / Керней-сурнай чуу чыгып, / Аттанып аскер калыптыр, / Айалдабай дуу чыгып, / Айанып башын катпады, / Аттанбай Батай жатпады, / Өлүмдөн коркуп ал Батай, / Башын кайра тартпады, / Же түбүбүз бирге эле, деп, / Кошомат кебин айтпады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кол куушуруп бүкүйүп, / Кошомат кылган дагы жок, / Тең турат экен жанаша, / Чоң-кичүүдөн айрым жок, / Кийген кийми өтө кооз, / Ээр-токуму баары окшош, / Жер бетинде жок чыгар, / Ушул кыргыз элге окшош. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Качып келген Айжаңжүн, / Шаарын тартып биз алган, / Кошоматка Коңурга, / Кошуп берген жеримди, / Кошо берген элимди, / Качырып мени кетирген, / Тыйынга албай кебимди, / Бүгүн алып тунсун, деп, / Ошону берди Эсенхан, / Хан токтому бир экен, / Кайсынысын мен айтам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Корккондугуң билинди, / Кошомат кылып кош колдоп, / Көтөрүп турган кебиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →