кошокто

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Кошок кылып байлоо, коштоо, чиркештирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арстан Чубак тил билбейт, / Кырк-элүүнү көзгө илбейт, / Алдына Чубак барыптыр, / Катарлашкан кырк бала, / Качырып найза салыптыр, / Арстан Чубак баатырың, / Такыр байлап алыптыр, / Атка таңып сарпоштоп, / Бирине бирин кошоктоп, / Айдап жолго салыптыр, / Ошол күнү түндөсү, / Күн ачылып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Энесине кошоктоп, / Жөөлөтүп жолго айдады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сейиттен тууду экини, / Кылжыке байкуш кошоктоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →