кошо

китептерде 303 жолу, 10 китепте
  1. Бирге.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ордоңду бузуп талкалап, / Гүлгаакыны олжо алып, / Чынгыш кулду кошо алып, / Кеткен киши Кененим, / Кененимдин баласы, / Бекбача иним сен билгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ортодо Отор оолугуп, / Ойлонуп чочко олтуруп, / Он миң киши кол бөлүп, / Өзүнө кийин туруучу, / Он эки мыкты зор бөлүп, / Туйбасын деп Чигитей, / Бир кишини купуйа, / Түн ичинде узатып, / Медеркан кошо барат, деп, / Таласты көздөй жол берип, / Билбемиш болуп жатыптыр, / Жиберген киши алдыртан, / Медерканга айтыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
- / Деп күүлөнүп күжүлдөп, / Көк камандай күркүрөп, / Айжаңжүндөн кайраты, / Артылып ачуу айбаты, / Алтымыш миң аскерин, / Дүркүрөтүп айдадаы: / Барабан уруп, баң тартып, / Көчөнүн ичин чаң басып, / Олчойуп жөнөп калган кез, / Айжаңжүн кошо аттанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ушуну менен кеп калды, / Кара дөөнү кошо алып, / Таласты карай аттанды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кан аксакалдын сөзүн кубаттап, отурган бардык эддер чурулдап кошо бата кылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →