кошмок
- Ат жабдыгынын түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрө койуп Кардыгач, / Чакмакташ менен жатындаш, / Бир курсактан эгиз баш, / (Кээ бирлери кошмок деп, / Эки түрдүү кеп айтат) / — Эрди сайып алмак бар, / Ичин жарыш кайда бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айтканыңа кош болдум, / Айтпасаң атың жашырып, / Сени өлгөндөргө кошмокмун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эрди-катын баш кошмок, / Эриш-аркак жипке окшош, / Ээрчитип эрмек кыларга, / Калган жок туйак кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жаныңды кошмок турмайлык, / Сенден жүрсө күмөндөп, / Жашырсам атаң болбоду, / Айттырбай бүгүн койбоду, / Атаңа тийип үч жылда, / Араң сени төрөсөм, / Семетейден калды деп, / Күмөнү сенде болгону, / Айагы ушул бул кептин, / Көрдүңбү сен атаңды, / Болбой мойнун толгоду!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →