кочушта

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Кочуш менен алуу, кочушуна салуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үстү жакта эки-үч күн, / Асты жакта эки-үч күн, / Талаада жатып күнү-түн, / Кансыраган аш ичпей, / Суусу жок кургак сай экен, / Түгөнгөн, кандын ордуна, / Кочуштап ууртап суу ичпей, / Көзүн ачып эр неме, / (Ал Көкжалдын тукуму / Кайраты толук тың неме) / Кирпигин ирмеп көз ачып, / Ээрин тиштеп бел басып, / Ыргып тура калд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
– деп, / Кеп кылбай Жакып калыптыр, / Ак буудайдан кочуштап, / Байбиче сүткө салыптыр, / Сур тайга суна берди эле, / Берип көнгөн немедей, / Ирмеп сур тай жеди эле, / “Аккула Манас эмчектеш” / Дегени ушул кеп эле, / Негизи тулпар Аккула, / Түбү Чыңгыш малы эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кочуштап кызыл каныңды, / Калдайлар ичип тойдубу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →