кочкор
- Койдун куутка кошулуучу эркеги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манжудан кегим алам, деп, / Аттанаарда Бекбача, / Элге айткан нускасы: / — Ашмура башы Жети төр, / Жердеген элим баарың кел, / Куру келбей келгиниң, / Ак бозунан бээ болсун, / Аксарбашыл уй болсун, / Ак сүт бото төө болсун, / Кочкор, козу, кой болсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кочкоруна асемдеп, / Кош коңгуроо тактырган, / Козголбогон эчен бай, / Кокуйлатып сабаган; / Текесине тектеп, / Тел коңгуроо тактырган, / Термелбеген нечен бай, / Телпеңдетип сабаган, / Кайаша берген эмесин, / Чоң Кеңколго камаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тик айталбай жалтактап, / Сейит турса жанында, / Жай айткан жалпак тил менен, / Коркурап кочкор үн менен, / Саймалап сөздү түр менен, / Кээ кезинде чочутуп, / Илмек түйүн сүр менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чыйбыт, Кочкор-эки арам, / Адыбай, Көлбай – төрт арам, / Кыргыл баштап кырк чоро, / Кыргыздан качып бөлүнүп, / Кырылып булар калыптыр, / Атын тартып, тонун жаап, / Жолун тоссо Семетей, / Райым кылбай кенедей, / Кекжейишип бергенде, / Семетей кырып салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— Солдат алуу тууралуу падышадан эл-элге буйрук тарагандан кийин: Кыдыр, Баатыркан, Ырыскелди, Соодонбек сыяктуу бугунун кочкор башы жакшылары баш кошуп, кеңешип, бир даары беребиз, бир даары бербейбиз дегенге келишет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →