котор
- Алмаштыруу, ордуна башкасын, жаңысын коюу, которуштуруу.
- Турагын өзгөртүү, башка орунга, ишке ж.б. жиберүү, дайындоо, көчүрүү, бир жерден экинчи жерге алып баруу.
- Бир нерсени экинчи жак бетине, астын үстүнө келтирип оодаруу, аңтарылган абалга келтирүү.
- Белгилүү бир тилдеги текстти, оозеки кепти башка тилде берүү, бир тилдегини экинчи бир тилдеги айтылышына айландыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манас айдап жиберген, / Которуп ордун башкага, / Эки ингендин бойунда, / Эркин ойноп жатканда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Которулбай жүрүчү, / Ошол чактан ушул чак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үч которуп сакчыны, / Агарып сүрүп таң чыкты, / Айбаттанып Айжаңжүн, / Тоодой караан кан чыкты, / Арт жагынан бороондой, / Уйулкуган чаң чыкты, / Атагы алаш жагынан, / Сыргак деген тың чыкты, / Ылайык келсе барсам деп, / Ынтылып турат көп мыкты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сарыбай деп которгон, / Калтаарып элдер айта албай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Коңур ашкан Суусамыр, / Которулуп кеткен жок, / Ушу бүгүн дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →