котоло

китептерде 26 жолу, 6 китепте
  1. Опур-топур болуп чогулуу, башаламан топтолуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…олпок, ырапыс, / Катындардан калыптыр, / Пулу оор карала, / Букардан чыккан дүрүйө, / Арууке жасап салыптыр, / Каныкей жасап ак калпак, / Элге атак калыптыр, / Көтөлөк атын которуп, / Талас атын койголу, / Жерге атак калыптыр: / Коңурбай келип кол салып, / Ала албаптыр жол салып, / Алмамбет, Манас биригип, / Коргонду бекем са… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ап кирип алашты, / Талкалайлы күмбөзүн, / Атагы чыккан Манасты, / Астын-үстүн кылалы, / Манастын жери Таласты, / Талас атын жойолу, / Калмак жердеп турганда, / Көтөлөк деген жер экен, / Өзүнүн атын койолу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эшилменин кумунан, / Сурнайдын үнү чуркурап, / Асман туман буркурап, / Абаң Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, / Алдынан тосуп караса, / Кулетендин эр Агыш, / Токсон бир санча кол менен, / Келип калды котолоп, / Керүүлөй тартып жол менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таласты талап алганда, / Талкан кылып күмбөзүн, / Талкалатып салганда, / Батыш, чыгыш, түштүктөн, / Калбай келет чогулуп, / Кошоматка кой сойот, / Кол куушуруп олтуруп, / Корооңо кайкап кой толот, / Аралап адам өтө албайт, / Төрт түлүк малың котолоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ал күндөрдүн биринде "атамдын үстүндө үй, өрүшүндө жылкы, короосунда кой, котологон уй болсун" деп, алтын шакегин жерге бир урат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →