корум1
- Тоонун бийик беттеринен, жардан, аскалардан урап, шыгырап жыйылган шагыл таштар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Укканым жок, билбеймин, / Темир шаанын өлүгүн, / Кай корумга катканын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Санаасы сан, кыйал миң, / Калдагай кулак өзү бир, / Мээнет акыл таптырбай, / Ачылбай келет көөнү кир, / Тоо кылкалап жол басып, / Корум таштуу бел ашып, / Күн алтыга жеткенде, / Кашкарга келди жанашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Касташып келген капырлар, / Соо чыкпады колумдан, / Кытайлардын өлүгү, / Кем болгон жок дегеле, / Кырдагы кара корумдан, / Кызыл кан кечип кытайдан, / Кыргызга келген мааналап, / Чубак кул, маңдайдагы шорум ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аттын изи жоголду, / Жер таманы корум таш, / Өзөндө агын суу болду, / Суун бойлоп эр Сейит, / Ат айабай чуу койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Он алтынчы жылы Корумдунун оозунда койдой кырылган эл эмне?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →