корулда
- Кор-кор эткен дабыш чыгаруу, кор-кор этүү.
- Дарылдоо, кор-кор эткен жоон үн менен сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Койлор маарап корулдап, / Козулары чурулдап, / Өзү келип чогулду, / Айдаган жок эл жыйнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Төрдө жаткан бирөө бат эле корулдап уйкуга кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ал жаман тонун баса жамынып эчтемеден капары жок корулдап, уктап жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ыйманкул эбак корулдап кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →