корук
- Тосмо, кашаа, курчоо.
- Айдоо, эгин же чөп чабылчу аянт сыяктуу малдан кайтарылуучу жерлер.
- Баалуу жаныбарлар, өсүмдүктөр өстүрүлүп, аларды атууга, жок кылууга, кыюуга ж.б. тыюу салынган аймак, курчалган жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бизди чет жакта бир чоң коруктун ичиндеги жалгыз тамга алып барып кондурду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үй баягы корукта.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мына мында тердигин салпактатып, жаман ээри менен бир ат качып келип, ушул коруктун дарбазасынан чыгып алып, жогору карай салды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →