кору
- Кайтаруу, коргоо, эч нерсе жолотпоо, тийгизбөө.
- Ичи тарлык кылуу, кызгануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кубатайдан Ырыскан, / Коруганы Чигитей, / Өлтүрөбү, өлөбү, / Болжоп аны ким билер?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Казып койгон ору бар, / Ал орунун жанында, / Он эки калдай, жүз балбан, / Жүз отуз миң черүү бар, / Уруп кеткен кытайда, / Кара башыл адамдын, / Уругун төккөн кору бар, / Ошонун баарын майтарган, / Жайып койдой кайтарган, / Бешкулак деген зору бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…гыча жана тумандап, / Аппак болуп кар каптап, / Арадан өттү далай күн, / Алапайын таба албай, / Көп жерге барды далдактап, / Жүргөн жери чаңбейсен, / Аркы бети коруйа, - / Жүйрүн дөөнүн эли экен, / Жүйрүн турган эл экен, / Төрө Алмаң баатырдын, / Окуган дөөсү ал экен, / Ар жылы кытай балдары, / Үзүлбөй окуур кеп экен / Ошол …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ар канча жашка толсом да, / Мен ургаачы корунам, / Мен кутулар жерим жок, / Тапан хан сенин колуңан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Түп Бейжинде кытайдын, / Уругун төккөн кору бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →