кортогой

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Кортойгон, кодогой, корто.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манжуулардын балбаны, / Бастырып жөнөп калганы, / Эки бети томпогой, / Туурасы жоон кортогой, / Узун эмес, кыска эмес, / Өлчөгөндөй орто бой, / Токойдон чыга калгандай, / Жапаа каман түрү бар, / Жан алуучу сүрү бар, / Эки беттин отунда, / Бир байпактын жүнү бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Пили менен томпойуп, / Куйругу кыска чолтойуп, / Оройу суук доңуздун, / Өтө башка дордойуп, / Салаңдап мурду ормойуп, / Бети калың томтогой, / Орто бойлуу кортогой, / Эки эмчеги баладай, / Булчуң этин карасаң, / Кысыр эмди танадай, / Эки бети талаадай, / Эки көздүн ортосу, / Чөп ташыган чанадай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →