корс

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Бир нерсе сынганда, омурулганда же күлгөндө чыккан дабышты билдирүүчү тууранды сөз.
  2. өт. Орой, мүнөзү терс адамды же анын мамилесин, сүйлөгөнүн билдирүү үчүн айтылат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

кер атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу болсо, / Кан чайкалып суу болсо, / Кайра качып жүрбөсүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Бастыралбай бүжүрөп, / Эси чыгып элеңдеп, / Сийдиги агып бүрүлдөп, / Ажалдан мурун өлдүк деп, / Өзүнчө сүйлөп күбүрөп, / Аралашып киргенд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Корс-корс этип кортоңдоп, / Мингени пил томпоңдоп, / Кара бойу бир дөбө, / Колунда найза койкоңдоп, / Тегеректеп кыргызды, / Кармайбыз деп ойлонот. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– / Угуп муну молдолор, / Олуйа чал ороңдоп, / Бастек бойлуу неме экен, / Корс-корс этип кодоңдоп: / — Кайда барсаң, анда бар, / Кайда эле болсо биз үчүн, / Камдалуу дүйнө дапдайар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колтугун өөдө көтөрүп, / Корс дегенче жөтөлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →