корпус
- Механизмдин, жабдыктын, аппараттын негизи, жалпы тулкусу, кутусу.
- Кеменин бардык сырткы көрүнүшүн толук камтыган жалпы негизи, тулкусу.
- Бир жайга, аянтка тургузулуп, жалпы деп эсептелген бир нече имараттын айрым бирөө, бир бөлүгү.
- Бир нече дивизия же бригададан турган согуштук ири бирикме.
- Белгилүү бир кесип, иш, кызмат абалы ж.б. боюнча өз ара биригишкен адамдар тобу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.