короңдо
- Сороң-сороң этүү, сороңдоо, короктоо.
- Бирөөгө чоңсунуп, орой мамиле кылуу, опурулуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дөрбөнү болуп жарадар, / Таңгыттын эли санаадар, / Эки ингендик калмактан, / Батай, Катай - балалар, / Баары барып сороңдоп, / Аскер айдап короңдоп, / Кууп ийди кыргыз, деп, / Колу-буту жоголуп, / Далайы келди чолоңдоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Короңдогон калмактан, / Кененим коркпойт шашылып, / Айбандан күлүк кеңкула, / Арандай оозу ачылып, / Оозунан чыккан ак көбүк, / Омороого чачылып, / Оолукандай Кененим, / Манастап ураан чакырып, / Жеткен жерде Кененим, / Тоодой болгон Сетерди, / Тоңкойтту шорун катырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эчтемени элебей, / Короңдогон дагы бар, / Көргүн мени дегенсип, / Сороңдогон дагы бар, / Жакшысы бар, жаман бар, / Алдуусу бар, чабал бар, / Акылдуу бар, жинди бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— деди эле, / Төөнү жыйнап келе атып, / Учурап калдым силерге, / Кишинин баары короңдоп, / Төө жыйганы ошол эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпар болсун атактуу, / Жазд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →