короолуу
- Короосу бар, короо салынган, короолонгон.
- Бир короо толгон, саны бир короолук болгон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элөөрүгөн Гүлчоро, / Элкин баатыр Канчоро, / Кошойдун уулу Жалгызек, / Коркпой турган Байтайлак, / Короолуу койду бөрү айдап, / Ээн талаага баргандай, / Сай бойлотуп кыргандай, / Кытай, калмак журттарын, / Кырып салды ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кара-Үңкүр дегени кеминде бир короолуу кой баткыдай зоонун түбүнө бир эни-чени жок, калдайган чоң кара таш.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →