короолош

китептерде 35 жолу, 7 китепте
  1. Короосу, конушу, жайгашкан жери бири-бирине жакын, коңшу, короолору жанаша.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Короолош коңшу жүргөндөр, / Жасоол курап чыкпасаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мадыбек элге чоң болуп, / Короолош конуп Мөңкөтай, / Кол жеткис бууда зор болуп, / Чигитейге жакындап, / Бирге жатып, бир копкон, / Баарынын иши оңолуп, / Каркайып төөлөр чубашып, / Арак ичип,мас болуп, / Кары-жашы дуулашып, / Ак калпак кыргыз жатыптыр, / Калдуубеттин чоң Отор, / Каңгайды көздөй басыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Так көтөрүп ордону, / Талаага тиккен кези экен, / Кудайдын берген иши экен, / Короолош болгон коңшусу, / Токсон түтүн киши экен, / Отуз нөөкөр, кырк шайы, / Ордону баккан жаштары, / Алдынан тосуп Ажынын, / Атын алып байлады, / Эр Төштүктүн үстүнө, / Эшик ачып баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андыктан келдим коргонго, / Сейитек хандын алганы, / Короолош коңшу болгонго. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бул түгөнгөн Канчоро, / Каары катуу зор Кыйаз, / Хан Бакайдай карыга, / Кастарлуу Гүлүс эренге, / Каныкейдей энеге, / Кадырлуу Чүрөк жеңеге, / Короолош коңшу болгонду, / Кырып салып тынарбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →