корооло
- Короо-жайды, чарбакты ж.б. короо салып тегерете курчоо, бир нерсе менен тосуу.
- Айдын, күндүн айланасына алкак сыяктуу жарык, шоола пайда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ерип, / Жерден эгин алдырбай, / Керүүгө малды жайдырбай, / Алым алды ар жылы, / Короого койгон субай жок, / Коркутуп келди үч жылы, / Коржоңдошуп койгон жок, / Короолоп койду берсек да, / Бир коончо тойгон жок, / Кар ышкырдай тил салып, / Келе берди омсоңдоп, / Чыдай албай кордукка, / Кол салыштык бул жылы, / Айабай салды шум …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Короолоп турган калмакты, / Койуп жүрөт эр Серек, / Бөрү койду кыргыздай, / Ойуп жүрөт эр Серек; / Найзаны канга мылгытып, / Кууказыкты зыргытып, / Утур келген немесин, / Көгүчкөндөй ыргытып, / Чойуп жүрөт эр Серек, / Мындайлыгы болбосо, / Серек аты не керек?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →