короо1

китептерде 175 жолу, 10 китепте
  1. Дубал, тосмо менен курчалган үй-жай, чарбак.
  2. Мал киргизүү үчүн тосулган үстү ачык жай.
  3. Малдын (кой, эчкинин) тобу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Биригишип “беш жаман”, / Коркутуп кирген түш жаман, / Короодо турса көп душман, / Жалгыз кара бир башын, / Сан миң колго баалаган, / Сайышып турса жаш балбан, / Не кыларын биле албай, / Медеркан башы айланган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
найза беш кулач, / Аргамжыдай өргөн чач, / Бөктөргөн иттей кашы бар, / Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адам… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Короодон кетпес мал экен, / Кардыгач минип жүрсө, деп, / Көөнүмө кетип калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Капаланып Канчоро, / Акыйа тиктеп ошондо: / — Кабаган канчык, дөбөттөр, / Келипсиңер короого, / Ийиле турган жерим жок, / Ийне-жипче мен болсо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эң болбогондо суу ташып, короосун тазалачумун. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →