коркура

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Кор-кор эткен дабыш чыгаруу, корулдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лойуп, / Денеден каны чубуруп, / Кыпкызыл канга бойолуп, / Буту сынык сыйраңдап, / Жанбашы сынык кыйраңдап, / Бели сынык буйраңдап, / Бул түрдөгү мындан көп; / Коркурап жаны чыга албай, / Кыйналганы дагы бар, / Ага, ини бир тууган, / Бири калып, бири өлүп, / Ыйлаганы дагы бар; / Ата ордунда агам, деп, / Ини да болсо төрөм, деп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кеби бүтпөй кароолчу, / Аңтарып көзүн алактап, / Буту-колу шалактап, / Томолонуп жыгылып, / Сендиректеп бир туруп, / Коркурай түшүп жок болду, / Көөдөнүнөн жан чыгып, / Көрүп турган Сынчы бек, / Болду кандай укмуш? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күн төбөдөн өткөндө, / Бешим болгон кездерде, / Ажыкең анда чыдайбы, / Сары жез чылым колго алды, / Анжийандын ак курма, / Тамекиден мол салды, / Кытайдын кызыл оттугу, / Кырып алган жер куусу, / Кой борумдай чок койду, / Коркурата бир сорду / Койо берди кекирип, / Түндүктөн түтүн буркурап, / Өрт алдыбы үйдү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кырып алып оттукка, / Жолум үйдөй чок койду, / Жолу каткыр бир сорду, / Нары тартты коркурап, / Кылымда мындай бүтүн жок, / Кылайып жанган түтүн жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тик айталбай жалтактап, / Сейит турса жанында, / Жай айткан жалпак тил менен, / Коркурап кочкор үн менен, / Саймалап сөздү түр менен, / Кээ кезинде чочутуп, / Илмек түйүн сүр менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →