коркулда

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Корк-корк этүү, корк эткен дабыш салуу (көбүнчө чочкого карата айтылат).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ын, / Калтырбай алып келиптир, / Асыл буйум барларын, / Жаргылчак куйрук кой келди, / Аз келбеди, мол келди, / Аргымак келди ат келди, / Айалдабай бат келди, / Коркулдап топоз ал келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айтумуш, Чынгыш чапкылап, / Коржоңдотуп төө айдап, / Төөгө кошуп доңузун, / Коркулдатып жөө айдап, / Келип турду алдына, / Башын салып кол байлап, / Алып келген тартуусун, / Жалмады койбой баарысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Боктору чыгып бортулдап, / Кысылып өпкө дем чыкпай, / Доңуздан бетер коркулдап, / Экөө өлүп жоголду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Манастан, / Тирүү жесир кылам, — дейт / Карманап менен хан Манас, / Экөө экен куда, — дейт, / Кудалыктан экөөнү, / Кыламын такыр жудаа, дейт, / Доңуздан бетер коркулдайт, / Тегеле көңүл тынар сөз кылбайт, / Чалып салар каманбы, / Кетирди маңгыт амалды, / Аттанып жөнөп келемин, / Эр Манаска баргалы, / Жиберди мени Карманап, / Ош… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →