коркор
- Чылым чеккенде тамекинин түтүнү суу аркылуу өтүп, тазаланган жана тарткан сайын кор-кор этип турган Чыгыш элдеринин узун түтүктүү атайын канжасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Комулдагы Таабалды, / Адам коркор эр ушул; / Турпандагы Турумбек, / Түбү уунун бири бу; / Манастагы Такырбаш, / Тап бергенин качырбас, / Анткен менен Такырбаш, / Өзү мыкты амал аз; / Жалгызектин Бактыбай, / Кан ичменин бири бу, / Бекбачадан кем эмес, / Белдүү баатыр мына ушу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айбат укса, үн укса, / Адам коркор сүр чыкса, / Качып кетип жүрбөсүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карсылдашып салышып, / Жарактарын кыйратып, / Куру кол болуп калышып, / Күркүрөгөн үн чыгып, / Киши коркор сүр чыгып, / Беттерине карасаң, / Эр Саламат, Кесилет, / Бир пайпактык түк чыгып, / Ач кыйкырык куу сүрөөн, / Ал экөөндө ким жүргөн?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эстен танып Айжаңжүн, / Кой эти бышым сандалып, / Көзүн ачып караса, / Топурак басып, тунарып, / Тийген күн жок кылайып, / “Бурут жаман шум экен, / Кыйкырыгы бул экен, / Алооке калдай, Дөөкандар, / Коркору мындан чын экен, / Коркору мындан чын экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Маа жолу Сейити, / Коргошун жүрөк, жел билек, / Адамдар коркор эр эмес, / Жалгыз кара бир башын, / Сан кишиге теңебес, / Зоңконун зоосу сыйактуу, / Өзүн ойлойт кебелбес, / Төрт атасын төп айтты, / Манастын атын көп айтты, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →