коржоңдо

китептерде 81 жолу, 8 китепте
  1. Коржоң-коржоң этүү, коржойгон кебетеде болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арыктан сууң чыкпадык, / Сен кептенип коржоңдоп, / Жетибизде жакын деп, / Аттанып үйдөн чыкпадык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Коржоңдобо, Кубатай, / Көзүң көрүп бой сергип, / Ачылып көөнүң кубанбай, / Катылышсаң сен мага, / Бөөдө өлүп кетесиң, / Эртеңки күнгө чыгалбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп ойлонуп алганы, / Кайра качар жери жок, / Коросондун Дабытай, / Коржоңдоп жөнөп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ичме жинди улугу, / Жакыптын уулу Манаска, / Ата-журту алашка, / Ат изин салып көрөйүн, / Адылдыгы чын болсо, / Алдына төөдөй чөгөйүн: / Коңурбайдай олчойсо, / Коржоңдошуп көрөйүн, / Быдыратып күч жетсе, / Кабыргасын сөгөйүн, / Эби келсе тирүүлөй, / Көкчөгө айдап жөнөйүн, / Агамдын ээрчип артынан, / Өмүр бойу жүрөйүн, / Кыйын бол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айтып сөзүн болгуча, / Ачкан оозун жумганча, / Корккон эмес чын ушул, / Коржоңдогон Канчоро / Оолугуп сүйлөп жиберип, / Алдындагы Каралат, / Ооздук тиштеп нидерип, / Ачууланса Канчоро, / Чөйчөктөй болуп көз жайнап, / Көпчүлүккө карата, / Күпүлдөп баатыр сөз баштап: / “Барыбыздын башчыбыз, / Баатырын турса коргондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →