кордук

китептерде 151 жолу, 9 китепте
  1. Кимдир бирөөнү кор кылгыдай, кыйнагыдай азап, түйшүк, ыза.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Буйрук кылып кат жазып, / Жакын жерин үч күндөн, / Алыс жерин он күндөн, / Калбай келсин деп жазып, / Каран түн салып элине, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Сүрдүрүп келип чогултту, / Коросондун элине, / Көрүнөө салып кордукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…алы такыр түгөнүп, / Карпаңдаган Шуутуну, / Катындар жаман тердетип, / Каныкей келсе калдым, деп, / Каныкей тирүү көрбөсө, / Алмамбеттен өлдүм, деп, / Чубактан кордук көрдүм, деп, / Токтоно албай эр Шууту, / Кирип чыгып делдеңдеп, / Кайгы тартып турганда, / Келин каш таңдын алдында, / Үч караан чыкты эрбеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бул кордукка чыдабай, / Манаска ыйлап эл барды, / Теңдикке келбей Бадыкүл, / Эрдемсип болбой кектешип, / Манастан өлүп калганы, / Бойунда калган болуучу, / Бадыкүлдүн алган… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өлтүргүчө буга биз, / Көрүнө кордук салалы / Кечирин кесип алалы, / Куу далы кылып салалы, / Деп, ошентип хан Кыйаз, / Туруп алды, айла жок, / Гүлчоронун Канчоро, / Башын кесер чама жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кандын баласы күндө келип, баягы мурунку аялына кордук көрсөтө берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →