коргошундай
- Салмактуу, оор басырык, сүйлөгөнү олуттуу (адамдын мүнөз сапатына карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Камчы келип тийерде, / Айбандан артык Кеңкула, / Ордун сала берди эле, / Азыраак ыкыс желди эле, / Кененимдин жанында, / Кара каңшар турган таш, / Камчынын учу тийгенде, / Коргошундай мөлт этип, / Жайнап түшүп жок болду, / Мөлтүрөп туруп көйкөлүп, / Уйуган аппак шор болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кара башым, кан бутум, / Арнагамын мен сага, / Курамына келгенде, / Колу тийсе эркектин, / Коргошундай көйкөлүп, / Эрип турат кыз бала, / Эми кана дегенде, / Аптыгат жүрөк далайга, / Апкаарып жүрүп сенден мен, / Далай күн өттү арада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сейитек муну көргөнү, / Келе бери мага, деп, / Найзаны алып койкойтуп, / Кыз Куйалы балбанга, / Алып барып бергени, / Найза колго тийгенде, / Кыз балбандын жүрөгү, / Коргошундай козголбой, / Алаптабай токтоду, / Алда кандай болор, деп, / Аз убайым бар эле, / Ойдон чыгып жоголду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Коргошундай козголбос, / Уйуткан чойун салмагы, / Аркасында кайрат, күч, / Канчоро бар балбаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бузбайлы мунун көркүн — деп, / Албайлы бойдун бөркүн» — деп, / Хан Кыйаз айтып болгунча, / Көйкөлө түшүп Семетей, / Коргошундай жылт этип, / Кайып болуп жоголду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →