коргошун

китептерде 42 жолу, 8 китепте
  1. Салмагы оор, жумшак, оңой эритиле турган кара көк түстөгү металл.
  2. Ошол металлдан куюлган ок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жана сермеп кармарда, / Коргошун жүрөк, жел билек / Коркпой турган Чакмакташ, / Албарс менен Сазанды, / Ач билекке чапканда, / Күч берүүчү тарамыш, / Таарый чаап таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ртын карабай, / Караганга жарабай, / Айбаты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, / Коргошун, коло аралаш, / Орнотуп койгон чойун баш, / Томураңдап пил келет, / Дүк-дүк желип далбаңдап, / Тумшугу анын булаңдап, / Пилди көрүп эр Сыргак: / “Адам эмес айб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейитиге кызыл лөк, / Кирип келди жакындап, / Жазганбаган эр Сейит, / Коргошун жүрөк шер Сейит, / Козголуп койбой кебелип, / Тапан хандын элдери, / Ооруганы басылып, / Оңолгонсуп белдери: / — Атаны кайран кызыл лөк, / Адамдай мында өнөр к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Башын сыйпап койгон жок, / Жалганда мындай балбан жок, / Коргошун менен колодон, / Эритип туруп куйдурган, / Чоң казандай Чойунбаш, / Опколжуп келип урганда, / Омурулуп кетүүчү, / Нечен сеңир урчук таш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Коргошундун кени урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →