коргон1

китептерде 390 жолу, 9 китепте
  1. Коргонуу үчүн курулган сепил, чеп.
  2. Огородду, короо-жайды ж.б. айландыра курчаган тосмо дубал.
  3. Мал киргизүү үчүн салынган короо.
  4. Мүрзөгө белги катары салынган же бейитти курчаган дубал.
  5. өт. Сакчы, тирек, коргоочу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Алтымыш бирде жашым дейт, / Аксакалдуу карынын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Акыл ойлоп арбытып, / Арстан Кенен көөнүндө, / Алдында минген Кеңкула, / Айбан жетпейт так буга, / Коргонду карай жөнөдү, / Камчы берип бууданга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Торсолдой келип коргонго, / Дарбазадан киргенде, / Кабылан Бакай, Каныкей, / Гүлчоро - үчөө жүгүрүп, / Муну көргөн Чанданбай, / Кадырлуу болгон калгандар, / Кара жандан түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ «Каран тун башка тушту — деп, / Кара кыргыз калкынан, / Таалайдын кушу учту — деп / Бул арам өлөгөн Канчоро, / Арстандан калган бууданды, / Эмчектеш болгон тууганды, / Салылуу коргон дубалды, / Залкар тоодой буларды, / Салбар чоро кулатты! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Улуу баласынын аты – Ормон, ортончу баласыныкы - Коргон, кичүү баласыныкы - Болгон экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →