коон
- Ашкабак түркүмүнө кирүүчү ири мөмөлүү бакча өсүмдүгү.
- Ушул өсүмдүктүн ширелүү, тоголок же сүйрү келген ири мөмөсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эл чогулуп барышып, / Күмбөзүнө баатырдын, / Малды коондой жарышып, / Ай тамактап агынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…нымды, / Берсем да албайт Кененим, / Малым менен шаарымды, / Бекер өлүп кеткинче, / Таласка жетип барайын, / Колбуп жаткан кыргызды, / Койдой кесип баштарын, / Коондой кардын жарайын, / Манастан калган коргонун, / Койбой такыр чагайын, / Талкалайын күмбөзүн, / Күйгүзөйүн ичтерин, / Деп ойлонуп арамкор, / Тополоң түшкөн тоз жа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
берчүү эттерин, / Эртең талап алалы, / Кыйык таап ал жерден, / Чогулган айыл көп экен, / Өрүшү толгон эл экен, / Чаап кетип калалы, / Алыша чыккан эр болсо, / Коондой башын кесели” – / Кеп-кеңешке канышып, / Болут дешип алышып, / Жаткан экен төрлөрдө, / Жай-жайына жанышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…уп койушам, / Күүлөп найза сунушам, / Күүсүнө кулак тундуруп, / Качпай туруп урушам, / Кылычты кындан суурушам, / Кызык уруш мен кылам, / Балталашып чабышып, / Коондой карын жарышам, / Койдой башты кесишем, / Ээринден көзөп тешишем, / Арзан киши ойлойсуң, / Сейити бала, мени сен!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →