коомайла
- Бир нерсени башкалардан окчунураак, алысыраак коюу, коомай абалда кылуу.
- Жакындабай, кошулбай, четтегенсип жүрүү, жатыркагандай көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эми ойлонду Жагалмай, / Кар жиликтин сооту жок, / Эндей чапан эле деп, / Чыканагын коомайлап, / Колун оңдоп алганда, / Найза салбай көөдөнгө, / Кар жиликтин булчуңга, / Сайып өттү Жагалмай, / Тарамышын тарата, / Жарып өттү Жагалмай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Деп Айчүрөк баласын, / Жанына жакын жаткырып, / Үстүнө жабуу жаптырып, / Тайарланып турду эле, / Коомайлап бетин ачтырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →