коом

  1. Турмуштун конкреттик-тарыхый шарттарында биригип жашаган адамдар тобу.
  2. Белгилүү бир доордогу тарыхый-экономикалык түзүлүш жана анын өзүнө ылайык келген бөтөнчөлүгү.
  3. Теги, социалдык абалы, кызыкчылыгы ж.б. жактары боюнча белгилүү жалпылыкта болгон адамдар чөйрөсү.
  4. Иши, милдети боюнча өз ара биргелешкен, чогуу аракетте болушкан адамдар тобу, уюм же мекеме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.