коога

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Чыр-чатак, уруш-талаш, жоболоң.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Адылбекке Жакып бай, / Жооп бере албай “ооба” деп, / Олураңдап Жакып бай, / Баштап калды коога кеп: / — Айтканың кандай, Адылбек, / “Аты Манас уулуң, деп, / Кырк баланы ээрчитип, / Бугу кармап жүрөт” – деп, / Бул айтканың, Адылбек, / Шылдың эмей кайсы кеп?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кабарчы алты жайсанды, / Жаңыдан кошо канчаны, / Макилге кайта жумшады, / Баарын айттык башында, / Алып барган суугасын, / Эми жана угуңар, / Макил дөөнүн коогасын, / Түрүн көргөн жайсандар, / Туруп булар калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көчүп келип мал багып, / Коогасы жок олтурса, / Кабар алып жанайын, / Катылган болсо калмактар, / Кызыл кыргын салайын, / Кылгылыкты кылайын, / Кырып ийип тынайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →