коо

китептерде 83 жолу, 8 китепте
  1. Эки жагы бийик, ортосу чуңкур, ой жер, аң.
  2. Малга жем, туз берүү, суу алып өтүү үчүн жумуру жыгачтан оюп же тактайдан аштап жасалган аштоо.
  3. Мал үчүн жасалган кашаа, тосмо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Башы туйук жери кең, / Аккан агын суусу бар, / Таштан ташка урунуп, / Күпүлдөгөн доошу бар, / Айагы кууш аскалуу, / Коо болуптур Бекбача. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көөдөндөрү жылганын, / Көмөскөлүү жери тар, / Ышкырынып жаңырык, / Заңкайган бийик зоосу бар, / Аржаккы оозу жылганын, / Жери чаңдак шор болчу, / Будурмак адыр коо болчу, / Илгерки өткөн баатырлар, / Ошол жерден жиберип, / Жортуулчудан из чалчуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп, / Чаң созулта качканын, / Найзага илип ыргытып, / Топтуу караан көп элди, / Айдап кирди чубуртуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Буттары казып жер жыртып, / Какырлуу жерлер коо болду, / Тополуу жерлер ор болду, / Чымдуу жерге былкылдап, / Чылпылдаган суу толду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →