конуш

китептерде 119 жолу, 10 китепте
  1. Эл келип коно турган, айыл отурган, жай алган жер.
  2. Үй тигиле турган жер, үйдүн орду.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эңиш тарткан бел келди, / Ошол жерге келгенде, / Конушбайдан Бекбача: / — Канчалык калдык жериңе, / Лопнурдакы элиңе? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чогулушуп Конушту, / Бурчуктун ойу сеңирге, / Аскер батып жаталбайт, / Анча-мынча тар жерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп Саламат айтканда, / Карап адам баккысыз, / Кененимдин түрүнө, / Кеп айтты эми түрүлө: / — Сенин атың Сарыбай, / Азыраак маңгыт эл эле, / Тирүү олуя Семетей, / Сага берди жезбилек, / Жезбилекти бергенде, / Конушуң берди белгилеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жакып байга караган, / Жаакташка конду эле, / Бакай хандын конушу, / Майбулакта болду эле, / Жамгырчыга караган, / Жайылмада болчу эле, / Текечинин конушу, / Тетиги турган кең Тескей, / Шыгай хандын элдери, / Чоң артууну жээк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адашып кеткен Сейитек, / Атанын тапты конушун, / Аралап келди жер көрүп, / Жетитөрдүн баарысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →