контукчу
- Бирөөнүн унаасын контуктаганды жакшы көргөн, өз унаасына, малына аёо кылып, бирөөнүкүн иштеткен адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карчалышып хан Калдык, / Контукчу болуп Каракөз, / Кол салды келип кыргызга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Контукчуну сойгон — деп, / Өлгөнчө алар коркушчу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →