конок2

китептерде 151 жолу, 10 китепте конок 1 →конок 3 →
  1. Таруу сыяктуу майда дандуу кара эгин.
  2. диал. Жүгөрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көкүм барып айтыптыр, / Солк этпей кыргыз жатыптыр, / Кысыр эмди тай сойуп, / Кымызга чайкап бал куйуп, / Дасторкондун бетине, / Канча түрдүү даам койуп, / Конокторго тартыптыр, / Бирге олтуруп Кененим, / Таамды бирге татыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эшиктен кирип акырын, / Колунан алып жетелеп: / “Жараган экен кызга, — деп, / Жараса эрге болду” – деп, / Жакасын кармап бекемдеп, / Көлдөлөң салып төрүнө, / Ак тубардан көшөгө, / Киргизип кызды ичине, / Ачтырып эшик Көкөйүн, / Баатырды үйгө киргизди, / Конокко берчүү шекер-бал, / Бар керегин бергизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алардын тили кыска экен, / Мындай конок кылсак, деп, / Байбичеге айтардан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айчүрөк айтат мындай деп: / — Олтурар менин чагым жок, / Конок болуп тамак жеп, / Алаптап турат жүрөгүм, / Эмне болуп жатат деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле, каарданып келе жатат, – деп үй астындагы ордун оозун ачат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →