конокто
- Бир жерди түнөк кылуу, түнөө.
- Конок кылып сыйлоо, сый көрсөтүү, күтүү.
- Конок болуу, бирөөнүкүнө конокко баруу, сый көрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…кты, / Айабастан мас кылып, / Көп санаадан козгошуп, / Көз жашы менен дат кылып, / Тазбайматты барганча, / Таттуу кеп менен шат кылып, / Кобурашып кээ бирде, / Коноктоп аны жаткырып, / “Чубак менен Каныкей, / Ушундай” — деп айттырып, / Каныкей менен Манасты, / Как ошентти жат кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…анга бериптир, / Күн мезгили бүткөндө, / Кара хандын айлына, / Бай Жакып жетип келиптир, / Көрө жүргөн мурдатан, / Жигиттери Карахан, / Баштап барып Жакыпты, / Коноктоп үйгө жаткырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →