комут
- Өкүнүчкө, арман-муңга, кейишке, баткан, кыйын абал, шарт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Курмушуну куткарды, / Курмушуну куткартып, / Комутта калып Кытан алп, / Эр Муратты беттеди, / Баатыр Мурат хан уулу, / Башынан элге күйүнгөн, / Сынчыбектин тукуму, / Адамдан качкан эр эмес, / Чоң атасы Сынчыдан /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Балага найза кактырып, / Комутта калган бөрүдөй, / Суумерген жаман ачынып, / Кайра айланып киргенде, / Алымсарык арстанды, / Кый сүбөөдөн бир сайды, / Ээрден көчүк бултайды, / Үзөнгүдөн бут тайды, / Жер тайанып жыгылды, / Кыргыздан жетип Саламат, / Алымсарык арстанды, / Ажыратты эсен-сак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…еңешип, / Үйү жок үйлүү болсун да, / Үйү болуп, малы жок, / Короосу куру болбосун, / Байатан айткан кептерим, / Эсиңерде бар болсун, / Куршугу чыкпай ичинде, / Комутта киши болбосун, / Алтын-күмүш зар болсо, / Асылдан буйум бар болсо, / Бай Жакып, Балта, Жамгырчы, / Текечи, Шыгай, Кыпчакбай, / Багылбай жатат малыңар, / Жыйнап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Абыл менен Чолпонай, / Чоң эне менен Көкбука, / “Манастап” баары бакырып, / Атын айтпай Кылжыке, / “Ата” деп ураан чакырып, / Сары улагын таптырып, / Жетилбай менен Жээрде атка, / Садагасын чаптырып, / Бар байгени кетирбей, / Жаш Сейити эр алды, / Комутта калып керкиттик, / Жай-жайына таркады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айбалтаны колго алды, / Комутта жазып, кур калып, / Кайра кирген кырданып, / Тап бүркүттөй сурданды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →