комуз

китептерде 28 жолу, 7 китепте
  1. Жыгачтан чабылган үч кылдуу улуттук музыкалык аспап.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жез комуздай шыңгырап, / Түшчүлүк жерге угулат: / Кабар берип турсун деп, / Жасаткан муну кытайлар, / Кокустан калса кулжа уктап, / Сырын билген Алмамбет: / — Баатыр Чубак,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ып кайра тарт, / Таласты көрбөй талаада, / Сөөгүң калба башың жаш, / Деп сөзүн айтып ашырып, / Чокудан алыс таш уруп, / Желмогуз турду жапылдап, / Так кайырган комуздай, / Токтобой сүйлөп такылдап, / Шылдың кылган немедей, / Саның чаап шакылдап, / Көбүргөндөн жабырып, / Көтөрүп алып көөдөнүн, / Учуурчу каздай баркылдап, / Өзөн… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Карыйа Бакай карк этип, / Жез комуздай шаңк этип: / — Андай болсо Гүлүсүм, / Ой, Каныкей айашым, / Кереметтүү киши элең, / Келээр чакта иштерди, / Канча жылда келээрин, / Учур чакта билчү элең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
басса суйсалып, / Кыздар басса кылаңдап, / Кызыл шай көйнөк буластан, / Кыздын түрү бир башка, / Куйругундай кыргоолдун, / Саамайы чыгып чубалат, / Кыл кыйак, комуз, боортап, / Миң сандап үнү кубалат; / Ырчылар ырдап жүрүшөт, / Боз торгойдой быжырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Токойдо сайраган түрдүү канаттуу куштардын үнүн угуп, үйүнө келгенде аларды тууратып комуз чертип, түрдүү-түрдүү күү чыгарат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →