ком

китептерде 41 жолу, 8 китепте
  1. Төөгө жүк артуу үчүн өркөчүнө, белине орой таңылган кабат-кабат кийиз же башка калың нерсе, чом.
  2. Абдан семирген төөнүн же уйдун жон майы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Комулдагы Таабалды, / Адам коркор эр ушул; / Турпандагы Турумбек, / Түбү уунун бири бу; / Манастагы Такырбаш, / Тап бергенин качырбас, / Анткен менен Такырбаш, / Өзү мыкты амал аз; / Жалгызектин Бактыбай, / Кан ичменин бири бу, / Бекбачадан кем эмес, / Белдүү баатыр мына ушу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…гон казына, / Жүктөтүп келип барын ал, / Жараса ооган кызын ал, / Жаратып туруп узун ал, / Чаптырып туруп күлүк ал, / Жактырып туруп нарын ал, / Жаптырып туруп комун ал, / Үйрүн бузбай тобун ал, / Карысын койуп жашын ал, / Айагын койуп башын ал, / Төрт түлүктүү бизде мал, / Түп көтөрө баарын ал, / Андан кала бергенде, / Жыл… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коңур болбой комур бол, / Чантуу Манас дегенде, / Кайнаган экен сенде шор! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ком жыгачы баары жез, / Сарамжалың болсун тез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →