коло2
- Жездин калай, коргошун же башка металл кошулуп эритилген түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ңыр учуп аңкылдап, / Каракунас, көк кытан, / Таманын суудан тарта албай, / Канаттары салпылдап, / Асманга учуп чыга албай, / Суунун бети шарпылдап, / Коргошун, коло, чойун ок, / Сууга түшүп чулпулдап, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Баш аламан барсылдак, / Очогор үнү зүңкүлдөп, / Жер айрылып дүңкүлдөп, / Бараңдын үнү барсылдап, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ай, / Караганга жарабай, / Айбаты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, / Коргошун, коло аралаш, / Орнотуп койгон чойун баш, / Томураңдап пил келет, / Дүк-дүк желип далбаңдап, / Тумшугу анын булаңдап, / Пилди көрүп эр Сыргак: / “Адам эмес айбандан,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Башын сыйпап койгон жок, / Жалганда мындай балбан жок, / Коргошун менен колодон, / Эритип туруп куйдурган, / Чоң казандай Чойунбаш, / Опколжуп келип урганда, / Омурулуп кетүүчү, / Нечен сеңир урчук таш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Коло, чойун, коргошун, / Аралаш куйуп уйуткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кайда барса Калдуубет, / Коломолуу кол менен, / Кошо келет кара нээт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →