кокус
- Байкоосуздан, күтпөгөн жерден.
- Майып, зыян, кырсык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мен кат билбеген кара түрк, / Унутуп калам кокус, деп, / Он сыйра айтып жаттадым, / Сага кандай айтам, деп, / Кирпигимди какпадым, / Ошондо угуп жүрөмүн, / Бул үчөөнүн чогулуп, / Бир масилет тапканын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жамгырчы менен Балта дөө, / “Сынчыдан миң ат өлдү деп, / Хан Алмамбет баашабыз, / Каарлап алып кетти деп” / Калгандардан угуп кеп, / Куруп калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп, / Учуп жетип энтелеп: / — Баатыр ат биздерде, / Ат берели бул элге, / Сурап келдик Сынчыны, / Канын бериң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мында келерде, / Жумшадыңыз сиз мени, / Сен ордого баргын, деп, / Эси жок катын Чачыкей, / От койуп кокус жиберет, / Аңкаарыгын аны, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Испан менен Ирандан, / Кокон менен Кашкардан, / Келбесин кокус кас душман.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Карчыга: "Кокус мен кетип калсам, булар Жагалымды өлтүрүп коюшат, ошондуктан үйдөн эки-жакка чыкпайын" дейт да, жеңесине:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →