кокуй
- Чочуганда, таң калганда, иренжигенде, бир жери катуу ооруп, жаны кейий түшкөндө колдонулат.
- Азап, жаманчылык, оорчулук, кырсык маанисинде колдонулат.
- Болбогон, начар деген мааниде айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айкөлүм кайда жүргөнүн!- / Төлөк салып төлгөсүн, / Бир тиктеп чачып жиберип, / Көзүнөн жашын имерип: / — Абаке мингин атыңа, / Бүгүндөн калбай жетели, / Бетегелүү Койташка!- / Далысын карап Алакен: / — Атанын кокуй, абаке!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чыга калса Айчүрөк, / “Атанын кокуй наалат!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ «Кокуй», — деп, айтып койгон жок, / Кылымда мындай болгон жок, / Терисин тилип сойушту, / Далысын алар ойушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Же бир элге чендесекчи кокуй!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле, каарданып келе жатат, – деп үй астындагы ордун оозун ачат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →