кокту

китептерде 133 жолу, 9 китепте
  1. Чоң жылга, эки кырдын ортосу, колот.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Бейбашсың, моңгул, сен, — деди, / Бейбаштыгың ар качан, / Өзүңө пайда бербеди, / Коктукаттын шаарына, / Кошуунуң калбай жүр! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коктукаттан кол тартып, / Койбой элди чубатып, / Кененимден доо доолап, / Чиктейдин кунун алмакпы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кулжанын жаткан белеси, / Айагы сегиз коо экен, / Үстү бийик тоо экен, / Өөдө-төмөн бөлүнгөн, / Тогуз жолдун тоому экен, / Отуз кокту оозу экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Качырып барып жетти эле, / Найзанын учу жетерде, / Капталга койуп кетерде, / Кыйын экен Суркойон, / Кыйа тартып жалт берип, / Коктудагы койондой, / Аркасынан кылт берип, / Уйалбастан Канчоро, / Өкүргөндөн бакырып, / Хан Кыйаздап чакырып, / Кыйазга жетип барды эле: / «Катыгүн, Кыйаз, болбоду, / Сары хан, элди оңдоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →